Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана кесиптештериңизди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү күндө телекоммуникациялык системалар – уюлдук байланыш, интернет, спутник телевидениеси, радиоберүү – биздин жашообуздун ажыратылгыс бөлүгү болуп калды. Булар жылдан жылга өркүндөп жана мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө.

Мунун артында миңдеген адистердин – маалымат берүүчү ЖМК редакцияларынын кызматкерлеринин, эфирдин жана санариптик коммуникациянын инженерлеринин чеберчилиги жана иштин сапатына аткаргандыгы турат.

Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында элдердин жашоо сапаты жогорулап, көптөгөн маалыматтарга жетүүгө мүмкүн болуп, экономикада жана социалдык чөйрөдө маанилүү процесстер ишке ашырылып, Кыргызстанды өнүктүрүү милдеттери чечилүүдө!

Сиздерге кесипкөйлүгүңүздөр жана ишке берилгендигиңиздер үчүн таазим!

Майрамды утурлай сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Урматтоо менен,

Иш башкаруучу                                               Б.Ж. Кудайбергенов