Мектеп окуучуларынын каникул күндөрүндө «Манас» президенттик камералык оркестри өзүнүн кичинекей көрөрмандарын жана алардын ата-энелерин 2022-жылдын 7-январында саат 15:00дө «Манас» концерттик залында (Киев көчөсү 96А/Раззаков көчөсү) өтүүчү концертке чакырат.

Жаңы жыл – бул бизге мыкты маанай, кубаныч тартуулаган, жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен келечекти үмүттөндүргөн, сыйкырдуу, жомоктогудай окуяларды күткөн убакыт. Баардыгыбыз сүйүп, чыдамсыздык менен толкунданып күткөн, кубанычтуу жана жакшы көргөн майрамдардын бири – Рождество!

Бул сыйкырдуу майрам күнү биз менен бирге өзүңүзгө көңүлдүү маанай тартуулаңыз.

Программада сүйүктүү мультфильмдерге саундтректер жаңырат:

✨Ариель 

✨Король Лев 

✨Шрек 

✨Тайна Коко

✨Моана 

✨Алладин

✨Рапунцель 

 Саундтректер көркөм жетекчи жана башкы дирижёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиевдин жана «Манас» президенттик камералык оркестринин аткаруусунда жаңырат. Билеттерди ticket.kg сайтынан же биздин кеңседен сатып алсаңыздар болот. Чоңдор үчүн да, балдар үчүн да бир билеттин баасы – 500 сом.

Биз Сиздерди күтөбүз!

Сурап-билүү телефондору:

0(312) 660-615

0(550) 219-219

0(704) 400-002

0(553) 046-101