КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2011-жылдын 13-майы ПЖ N 111
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ N 43, 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ N 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ N 122, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ N 246, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ N 157, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ N 237, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердигин өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. (КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ N 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик деп белгиленсин. (КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ N 43, 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ N 81, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ N 246, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ N 157, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ N 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ N 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-декабрындагы N 591 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу"Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы N 607 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева