Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн
иш башкаруучусу

МАМБЕТОВ Алмаз Ишенбекович 

 

1976-жылдын 15-мартында Фрунзе (Бишкек шаарында) туулган, Кыргызстан. Билими жогорку. Бүтүргөн окуу жайлары: Кыргызстандын Эл аралык Университети (1999-жыл). Адистиги: Дипломатия жана эл аралык мамиле. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (2015-жыл).

Багыты: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Лондондогу (Улуу Британия) жана Куала-Лумпурдагы (Малайзия) Дипломатиялык курстар.

ЭМГЕК ЖОЛУ

  • 2000 – 2002. Кыргыз Республикасынын ТИМи, КМШ өлкөлөрү департаментинде секретарь-референт.
  • 2002 – 2004. КР Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы.
  • 2004 – 2008. КР ТИМинин Мамлекеттик протокол кызматынын Үчүнчү секретары.
  • 2008 - 2010. "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясы” МИ жетектөөчү адиси, башкы адиси, иш башкаруучусу.
  • 2011. Бишкек ш. мэриясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
  • 2011 – 2014. Жеке ишкер.
  • 2014-2016. "Транскыргызгаз пайплайн компани лимитед" Жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын PR-бөлүмүнүн улук адиси.
  • 2016-2019. Балыкчы ш. мэри.
  • 2019-ж. апрели – 2020-ж. февралы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.
  • 2020-жылдын 27-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн
иш башкаруучусунун биринчи орун басары

МАМБЕТАЛИЕВ Мирбек Кемелович

тел. +996 (312) 660563

 

1980-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусунун Каракол (Пржевальск) шаарында туулган. Билими жогорку.

2003-жылы Кыргыз улуттук университетин “экономика” адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

  • 2003 – 2004. КР Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетектөөчү адиси.
  • 2004 – 2005. “Ишкердикти өнүктүрүү” МКК ЖАКнын жетектөөчү адиси, сектор башчы.
  • 2005 – 2007. “Ишкердикти өнүктүрүү” МКК ЖАКнын башкы адиси, бөлүмдүн нчальниги.
  • 2008. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы.
  • 2008-2010. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациянын башчысынын-губернатордун жардамчысы.
  • 2010 “Ысык-Көл” микрокредиттик агенттигинин Башкы директору.
  • 2010 – 2014. “Ишкердикти өнүктүрүү” МКК ЖАКнын бөлүмүнүн начальниги, башкармасынын мүчөсү.
  • 2015. КР Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты.
  • 2015 – 2017. КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана иноовациялар мамлекеттик кызматынын Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2017 – 2018. КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси.
  • 2018. КР БШК төрагасынын кеңешчиси.
  • 2018 – 2019. КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 Мамлекеттик резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин директору.
  • 2019 – 2020. КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 Мамлекеттик резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин директору.
  • 2020-жылдын 12-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн  иш башкаруучусунун орун басары

ШЕРМАТОВ Эмиль Абсатарович

тел. +996 (312) 662462 тел. +996 (312) 666058