Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишине кызыгуу жаратканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем! 


Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы”
мамлекеттик мекемеси

 

723510, Ош шаары, Ленина көч., 91
Телефон: 03222 5 08 42 ; 03222 5 08 74
Факс: 03222 5 08 74; 03222 5 02 62
e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

сайт www.southrez.gov.kg 


Иштөө убактысы: 09:00 – 18:00 дүйшөмбү – жума

 

 

Директор

БААТЫРКУЛОВ Зайнал Ахматович

Кабыл алуу графиги күн сайын  10:00 - 15:00

   
   

 Байланыш маалыматтары:

Аты-жөнү

Кызмат орду

 Телефон номерлери

1

БААТЫРКУЛОВ Зайнал Ахматович

Директор

03222 50842

2

 Сарытаев Жанузак Омурзакович

Директордун орун басары

03222 50866

3

 КАРИЕВ Канатбек Кутмаматович Башкы бухгалтер 03222 50874 

 

Резиденциянын негизги милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн материалдык-техникалык, социалдык-тиричилик жактан тейлөө;
  • Мамлекеттик жогорку деңгээлде өтүүчү визиттерди камсыздоо жана тейлөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын мамлекеттик протоколун камсыздоо, ошондой эле мекемеде расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү убагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын тейлөө.

Мекеме төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик жактарга маданий-массалык иш-чараларды, ошондой эле ар түрдүү өкүлчүлүктүү иш-чараларды өткөрүү;
  • коомдук тамактанууну уюштуруу жана мал чарба, өсүмдүк түшүмдөрүн өндүрүү;
  • мейманканалык тейлөөнү уюштуруу; мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
  • курулуш-монтаждык, жасалгалоо жана башка подряддык жумуштарды өзүнүн күчү менен гана эмес, башка подрядчыларды тартуу менен уюштуруу жана жүргүзүү;
  • Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да ишмердикти жүргүзөт.

Расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана финансылык чыгымдарды талап кылуучу башка иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу алдын ала Уюштуруучунун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын чакыруусу боюнча Мекемеге келген делегацияларды жана конокторду кабыл алуу жана тейлөө боюнча чыгымдарды төлөө, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен же макулдашуу боюнча башка булактардан гана жүргүзүлөт.