Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемеси

724306, Кашка-Суу айылы
телефон/факс (0312) 650885

сайт http://ala-archa.kg/

Аты-жөнү Кызмат орду Телефон номери
1 БАТЫРКАНОВ Капар Турусбекович Директор +996 312 650885
2 АЛГОДЖАЕВ Жаңыш Эркинбекович Директордун орун басары  
3 СУЛТАМАМЫТОВА Элеонора Айтмуханбетовна Башкы бухгалтер  

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемесинин жаратылыш коргоо, рекреациялык, илимий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө коргоолучу жаратылыш музейлерин, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлерин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң улоо жерлеринин объектерине баруу боюнча   баалардын прейскуранты

 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы Өлчөө бирдиги Баасы (сом)
1   Транспорттук каражаттын кириши үчүн :
  Жеңил автоунаа жана минивен үчүн (жүргүнчүлөрдү кошуу   менен) 1 даана 500
  Кичиавтобус үчүн (жүргүнчүлөрдү кошуу менен) 1 даана 1000
  Автобус үчүн (жүргүнчүлөрдү кошуу менен) 1 даана 2500
  Бардык   мотоциклдер үчүн   1 даана 200
  6 тоннага чейинки жүк ташуучу автоунаа үчүн   1 даана 500
  6 тоннадан 10 тоннага чейинки жүк ташуучу автоунаа үчүн   1 даана 700
  10 тоннадан 20 тоннага чейинки жүк ташуучу автоунаа үчүн   1 даана 1200
  20 тоннадан ашык   жүк ташуучу автоунаа үчүн   1 даана 1500
2 Автотранспорттук каражаты жок келгендердин кирүүсү үчүн   1 кишиге 80

Эскертүү:  

1. Паркка кирүү акысы-адамдардын санына карабастан автоунаа   үчүн гана алынат;

2. Улуу Ата мекендик согуштун, Ооган согушунун катышуучулары күбөлүктөрүн көрсөткөн учурда паркка кирүү - акысыз.

3.Браконьерчиликти, өрт коопсуздугун болтурбоо жана санитардык ченемдерди сактоо максатында,   парктын аймагына кирип жаткан автоунааларды контролдук өткөрүү пунктунда    курал-жарактардын жана кайырмактардын   чыгып калышына текшерүүлөр жүргүзүлүүгө тийиш.

4.Байтик айыл өкмөтүнүн жашоочулары паркка кирүү үчүн катталган жери боюнча паспортун көрсөтүү менен -акысыз.

5. Жашы 12ге жете элек балдарга парктын аймагына кирүү акысыз.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы
“Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемесинин жаратылыш коргоо, рекреациялык, илимий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө коргоолучу жаратылыш музейлерин, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлерин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң улоо жерлеринин объектерине баруу боюнча   баалардын прейскуранты

Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы Саны   Өлчөө бирдиги Баасы (сом)    
  “Ала-Арча” мейманканасы
1 № 7 (эки орундуу) люкс номер 1 суткасы 7000
2 № 5; № 6 (эки орундуу) жарым люкс номер 1 суткасы 3000
3 № 8 (төрт орундуу) номер 1 суткасы 4000
4 № 1,2, 3,4 (эки орундуу) номер 1 суткасы 2500
5 Номерге кирүү үчүн жууркан-төшөк менен матрас   берүү 1 даана 1 сутка 500
6 Конференц-зал 30 орун 1 сааты 1500
ар бир кий.сааты 1000
5 сааттан жогору 6000
7 Банкеттик зал 10 орунга чейин 1 сааты 500
ар бир кий.сааты 250
10 орундан жогору 1 сааты 1000
ар бир кий.сааты 500
8 Камин залы 10 орун 1 сааты 500
ар бир кий.сааты 250
9 Сауна 1 адам 1 саат 200
10 Улуттук боз үй 15 орун 1 саат 1000
ар бир кийинки саат 500
“Альплагерь” мейманканасы
1 Эки орундуу номер 1 адам 1 суткасы 500
2 Номерге кирүү үчүн жууркан-төшөк менен матрас берүү 1 даана 1 сутка 200
3 Чоң салтанат залы 8 сааты 4000
4 Кичи зал 8 сааты 3000
5 Кафе-бардын чоң жана кичи залы 1 стол 1 сааты 200
“Ак-Марал” мейманканасы
1 № 1 - эки орундуу   номер 1 суткасы 2000
2 № 2 - 10 кишилик чоң зал менен эки орундуу номер 1 суткасы 3500
3 № 3 - 4 кишилик кичи зал менен 2 орундуу номер 1 суткасы 2000
4 Номерге кирүү үчүн жууркан-төшөк менен матрас берүү 1 даана 1 сутка 200
Рекреация
1 “Домик в лесу” мейманканасы (16 кишилик зал, уктоо бөлмөсү, ашкана) 1 суткасы 2500
2 Жөнөкөй боз үй 1 суткасы 1000
3 Жайкы коттедждер 1 номер 1 суткасы 600
4 Жайкы чатырча - 10 кишилик 1 столду берүү 1 стол 6 сааты 400
5 “Ботаник" мейманканасы (16 кишилик зал, уктоо бөлмөсү, ашкана) 1 суткасы 2000
6 “Адыгене”, “Бойрок” кафе-бары 1 стол 1 сааты 400
7 “Салкын төр” эс алуу жайы 50 орун 1 сааты 1500
ар бир кий.сааты 1000
5 сааттан жогору 6000
8 “Альплагерь” мейманканасынын тамак-аш блогу 1 стол 1 саат 400
Музейге кирүү
1 Чоң адамдар 1 адам 50
2 12 жашка чейинки балдар   1 адам 20
Кошумча кызмат көрсөтүүлөр
1 Идиш-аяк жана ашкана приборлорун берүү 10 кишилик 4 саат 250
2 Казан берүү 1 даана 4 саат 250
3 Мангал берүү 1 даана 4 саат 200
4 Тамак-аш даярдоо үчүн ашкананы   берүү 4 саат 2000
5 Эс алуучулардын азык-түлүктөрүнөн тамак даярдап берүү 1 порциясы 50
6 Казан менен (очок) атайын жерди   берүү 1 орун 1 саат 100
7 Атка минүү 1 баш 1 сааты 400
8 Муз тебүү 1 адам 1 сааты 100
9 Сактоо камерасы (20 кг чеийн) 1 даана 1 суткасы 200
10 Экскурсоводдун кызмат көрсөтүүлөрү   1 сааты 300
11 Эс алуучулардын чатырларын орнотуу 1 орун 1 суткасы 200
12 Эс алуучулардын боз үйлөрүн орнотуу 1 орун 1 сааты 200
13 Плед   берүү 2 даана 4 сааты 200
14 Душ кызматы 1 адам 1 сааты 100
15 Тапчан берүү кызматы 1 даана 1 сааты 200
16 Кафенин кардарларын тейлөө үчүн официанттын тейлөө кызматы буйрутманын жалпы баасынын 10 %
17 Даараткана 1 адам 10

Эскертүү:  

 1. Мейманкананын номерлерине кирүү убактысы тариздөө жана акы төлөө фактысы боюнча аныкталат.

2. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин чек сураңыздар, номерлерге жайгаштырууга толук төлөө жүргүзүп жана эсепке алуу китебинде каттоодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет.

3. Алдын ала табыштама берген учурда заказдын толук баасынын 50 % төлөнөт, ал кайтарылып берилбейт.

   Мекеменин негизги милдеттери төмөнкүдөй:

  • жаратылыш комплекстерди, уникалдуу жана кайталангыс жаратылыш участокторду жана объекттерди сактап калуу;
  • ландшафтарды жана тарыхый-маданий объекттерди сактап калуу;
  • экологиялык билим берүү жана калктын агартуу деңгээлин жогорулатуу;
  • жөнгө салынуучу туризм жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү

Мекеме, өзүнүн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарында, колдонуудагы нормаларда жана эрежелерде белгиленген талаптардын парктын аймагында сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү камсыз кылуу;
  • парктын флорасын жана фаунасын сактоону жана байытууну камсыздоочу иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • туризм, альпинизм жана спорттун башка түрлөрүн, ошондой эле элдин эс алуусун өнүктүрүү масштабдарын жөнгө салуу;

Төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

  • өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону, токойду кароону камсыз кылуу, биотехникалык иш-чараларды аткаруу боюнча жаратылышты коргоо ишмердикти;
  • имараттарды жана курулмаларды, автоунааларда, жолдорду, инженердик тармактарды жана курулмаларды күтүү жана оңдоо, Мекеменин аймагын жакшыртуу боюнча чарбалык ишмердикти;
  • токой жана жер-жемиш бактарынын көчөттөрүн, жемиштерди, бадалдарды, айыл чарба өсүмдүктөр продукцияларын өстүрүү жана сатуу, туристтерди, альпинисттерди, Мекемеге келгендерди кабыл алуу жана тейлөө үчүн шарттарды (тоо лыжа жолдору, аттракциондор, ат турлары, тамактануу пункттары, мейманканалар, конок үйлөр, боз үйлөр, жабдууларды жана шаймандарды убактылуу алуу ж.б. ) түзүү боюнча  ишмердикти; 
  • Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жарандары үчүн эс алууну уюштуруу, ошондой эле спорт жаатында кызматтарды көрсөтүү;
  • экскурсиялык, туристтик-дарылоо тейлөөнү уюштуруу, туристтик багыттарды иштеп чыгуу;
  • альпинисттик жана тоо лыжа ишин жүзөгө ашыруу;
  • туризм жана спорт тармагында Кыргыз Республикасына чет элдик инвестицияларды тартуу;
  • коомдук тамактанууну жана мал чарбасынын, өсүмдүк өстүрүү продукцияларын өндүрүүнү уюштуруу ;
  • мейманканалык тейлөөнү уюштуруу;
  • курулуш-монтаждык, кооздоо жана башка жумуштарды өз күчү менен дагы, субподрядчыларды жалдоо менен дагы жүргүзүү;
  • жапайы өскөн дары чөптөрүн чогултуу, алардын негизинде дары-дармектерди өндүрүү, аларды сатуу;
  • жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып салуу жана күнөөлүүлөр жазасын алуу жана келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн укук коргоо жана сот органдарына доо арыз менен кайрылуу.

Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердүүлүктү да ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо